• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бишкекте үч эм төрөлдү

22 Чын куран 2024 13:44 Бишкек Govori.TV

19-апрелде Бишкек шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиршкендей, Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну кош бойлуулугунун 33 жумалыгында эрте төрөт коркунучу менен келип түшкөн.

«1930 гр., 2660 гр., 2660 гр. салмактагы эркек балдар төрөлгөн. Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмдө. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 82