• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте, Чүйдө катуу шамал болот

28 Баш оона 202413:56 Бишкек Govori.TV


Бүгүн түштөн кийин жана кечинде Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

Катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан, жарнама калкандарынан алыс, коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Количество просмотров: 125