• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар

7 Жалган куран 202211:51 Бишкек Govori.TV

Бишкекте үч автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 09:00дө Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа Элебесов көчөсү менен түштүктү көздөй бара жатып, көпүрөдөн каршы тилкеге чыгып, «Хонда Фит» жана «Лексус» үлгүсүндөгү автоунааларды сүзүп алган.

Жол кырсыгынан үч жаран жабыркагандыгы айтылууда.

Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Количество просмотров: 234