• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте фура 7 унааны сүзүп токтоду. Айдоочу кармалды

22 Бугу 20269:43 Бишкек Govori.TV

Кайгуул кызматы билдиргендей, 21-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында 1972-жылы туулган айдоочу Р.Б. мас абалында «Mercedes-Benz Actros» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны башкарып бара жатып, Ново-Павловка айылындагы Фрунзе көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жаткан учурда Баэтов көчөсү менен кесилишкен жерде бир багытта бара жаткан жети автоунаа менен кагышкан. Андан кийин унаа жолдун так ортосунда токтогон.

Жол кырсыгынын кесепетинен 7 транспорт каражаты жабыркаган. Бир катар жарандар медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын ИИББнин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Транспорт каражаттары айып короосуна киргизилди. Айдоочу кармалды.

Учурда соттук-медициналык жана авто-техникалык экспертизалар дайындалып, тиешелүү текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 238