• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте чет элдиктер мушташа кетти

5 Жетинин айы 202412:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте чет элдиктердин ортосунда массалык мушташ чыкты. Видео социалдык тармактарга тараган.

Кадрларда бир нече чет элдиктердин мушташып жатканын көрүүгө болот.

Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, чет элдиктердин мушташы 3-ноябрь күнү эртең менен борбор калаанын Свердлов районунда болгон. 102 кызматына болжол менен саат 4.50дө кабар келген. Милицияга 23 жаштагы эки чет элдик жаран алынып келинип, алардын бири экинчисинин үстүнөн арыз жазган.

Укук коргоо кызматкерлери бардык керектүү экспертизаларды дайындашкан. Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 178