• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Бишкекте COVID-19 вирусунан 67 жаштагы аял каза болду

6 Бугу 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

Өткөн сутка ичинде Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында COVID-19 вирусунан 67 жаштагы аял киши каза болду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган бейтап коронавирустун оор түрүнө чалдыккан.

«Анда ошондой эле эки тараптуу пневмония, полиоргандык жетишсиздик синдрому жана баш мээсинде шишик диагноздолгон. Мындан тышкары бейтап порталдык гипертензиясы менен боордун циррозунан жана эксудативдик плевриттен жабыр тарткан», — деди Нурболот Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы диагнозу менен жалпы 12 киши көз жумду.

Количество просмотров: 162