Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу борбордо кандайдыр чектөөлөр киргизилеби деген суроого жооп берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаардык муниципалитет чектөөлөрдү киргизүү маселеси менен эмес, санитардык нормаларды күчөтүү боюнча иш алып барууда.
“ Рейд жүрүп, жүргүнчүлөрдүн беткап тагынышы текшерүүгө алынууда. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларда дагы текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Айрым үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүүнү пландап жаткан жарандарды майрамды эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин артка жылдырууга чакырабыз”, — деди Мозгачева.