• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты

7 Бирдин айы 202111:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дүкөндөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде жайгашкан «Fiх Рrice» дүкөнүнөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 4 бөлүм, штаб жана 1 автошаты тартылган.

Мындан тышкары Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, ИИМден 2 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган.

«Fiх Рrice» дүкөнүнөн чыккан өрт саат 09:19да чектөөгө алынып, саат 09:50дө толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 301