• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Бишкекте дагы 3 стационар ишин токтотту

11 Баш оона 2020 9:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында дагы 3 стационар ишин токтотту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарда жарандардын көбү айыгып, айрым стационарларда кайрылган бейтаптардын саны азайып, кээ бирине кайрылгандар жокко эсе.

«Кечээ күнү күндүзгү стационарларга 733 киши (алар ачылгандан бери эң аз сан), ал эми 9-августтан 10-августка караган түнү түнкү стационарларга 42 киши кайрылган. Чыгымдарды оптимизациялоо жана күз-кыш адам ресурстарын сактоо үчүн жарандар аз кайрылган стационарлар убактылуу жабылууда. Аламүдүн кичирайонундагы №38 мектептеги күндүзгү стационар, CONSUL ресторанындагы жана «ДСК» спорткомплексиндеги түнкү стационарлар ишин токтотту», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Мэрия учурда калган стационарлар кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 116