Бишкекте инфекциялык оорууларды, анын ичинде коронавирусту алдын алуу максатында дагы эки базарда дезинфекция жасалды.
Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдиргендей, дезинфекция иштери «Орто-Сай» жана «Ак-Эмир» базарында жүргүзүлгөн.
Учурда шаарда дезинфекциялоо иштери уланып жатат.
Мындан мурдараак Ош жана Аламүдүн базарларында дезинфекция жүргүзүлгөнү айтылган.