• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте дагы эки кичи базар убактылуу жабылат

17 Кулжа 202014:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районундагы «Чынар» жана «Ош» базарындагы «Кыял» кичи базарлары жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.

Вице-мэрдинайтымында, аталган базарларда бүгүндөн баштап дезинфекциялоо иштери жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин «Орто-Сай» базары убактылуу жабылып, дезинфекциялоо жумуштары аткарылган. Мындан сырткары, башкалаадагы «Ош» , «Аламүдүн» базарлары убактылуу жабылары кабарланган.

Количество просмотров: 418