Бишкек шаарындагы №66 менен №93 мектептин окуучулары бүгүн, 4-майда, аралыктан окууга өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, борбор калаада учурда 10 мектеп карантинде турат
«№61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 билим берүү мекемелери. Мындан сырткары, 32 класс аралыктан билим алууда»,-деп айтылат маалыматта.