Жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор мектептен акыркы окуучу мекемеден чыкканга чейин калат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын жыйынында мэриянын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ИДН кызматкерлери саат 07:30дан 15:00гө чейин мектепте болуп, анан өз иштери менен алектенишсе, эми алар 19:30га чейин иштешет.
Мусаева 56 мектепте инспекторлор өзүнчө кабинеттер менен камсыздалганын, 61 мектепте окуучулардын көптүгүнөн жана бекер кабинеттердин жоктугунан окуу-тарбия иштери боюнча башкы мугалимдер менен бир кабинетте иштешет, аларга компьютерлер менен колдонууга мүмкүнчүлүк берилет.
Аларга body-камералар да берилет. Борбордук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте камералардын параметрлерин изилдеп, эсептөөлөрдү жүргүзүп жаткандыгы тууралуу айтылды. Мэр ИДН кызматкерлери үчүн кошумча каражат табыла турганын айтты.
Башкармалыктын директору он мектепте азырынча ИДН кызматкерлери жок экенин, бул орундар бош экенин, бирок азырынча мекемелерге жакын жайгашкан мектептерде иштеген кызматкерлер ал жакка барарын кошумчалады.