• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте дагы 2 көпүрө курулуп, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүлдү

7 Баш оона 2018 15:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.08.2018. Govori.TV.
Бүгүн Бишкектин Свердлов районун аймагындагы «Аламүдүн” дарыясындагы жолду кыскартып өтүүгө мүмкүн болгон 2 көпүрө курулду. Анын бүгүн ачылышы болуп, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзүлүп, кубандырды.
Көпүрөлөр ЧЧК жана Аламүдүн дарыясын Орозбеков жана Токтогул көчөлөрү аркылуу кесип өтөт.
Жогоруда айтылып жаткан көпүрөнүн бири Орозбеков көчөсүндөгү ЧЧКны кесип өтөт. Анын жалпы узундугу — 46, туурасы — 13метрди түзөт . Эки тарабында тең тротуарлар коюлган.
Ал эми экинчи көпүрө Токтогул көчөсүндөгү Аламүдүн дарыясына курулганын тиешелүү кызматтар билдирди.
Анын узундугу — 34 метр, туурасы — 23метр. Акыркы эки жылдын ичинде борбор калаада беш көпүрө салынды.
Учурда эки көпүрөнүн курулуш иштери жакын арада бүтөт. Алардын бири Токтоналиев көчөсүндөгү Ала-Арча дарыясын кесип өтүп Медеровго чыкса, экинчиси Лев Толстой көчөсүндө жайгашканын капиталдык курулуш башкармалыгы кошумчалады.

 

Количество просмотров: 40