Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV
Чүй облусундагы Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 2003-жылы туулган Эдуард кызы Бегайымды издеп жатышат. Чүй ОИИББдин маалыматына ылайык, Бегайым 2019-жылдын 24-январында болжол менен саат 13:00 чамасында Кырман конушунда жайгашкан үйүнөн Бишкек шаарындагы мектебине кеткен бойдон кайрылып барган эмес.
Белгилери: бою 165-168 см чамалуу, көзү күрөң түстө, чачы кара жана кыска.
Кийген кийимдери: кызыл түстөгү куртка, кара жинсы шым, бутунда көк түстөгү кышкы бут кийим.
Бегайымды көргөн-билгендер болсо Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 36-35-27, Криминалдык милиция кызматына 0(312)36-35-23, 0(550) 51-09-05, 0(704) 31-25-05, 0(550) 34-33-63 же 102 кызматына чалып байланышса болот.