• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм бала табылды

10 Бирдин айы 202112:58 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон өспүрүм баланы табышты. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

8-февралда РИИБге 2008-жылы туулган П.А. дайынсыз жоголгонун билдирип, аны издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен Н.Т. аттуу жаран кайрылган. Өспүрүм 8-февраль күнү саат 17:00 чамасында Каменная көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барган эмес.

Октябрь РИИБдин өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлору жүргүзгөн издөө иштеринин жыйынтыгы менен П.А. Чоң-Арык айылынын аймагынан табылып, үйүнө жеткирилди. Баланын туугандары ыкчам жардамы үчүн укук коргоо органдарына ыраазычылык билдирди.

Количество просмотров: 158