• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте дайынсыз жоголгон жарандын жансыз денеси табылды

27 Тогуздун айы 2021 9:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте дайынсыз болуп, изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 26-октябрь күнү саат 21:50 чамасында ӨКМге Биринчи май районунун Н.Исанов көчөсүндө Чоң Чүй каналынын боюнда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, суудан 10-октябрь күнү Ч.Валиханов көчөсүндөгү каналга түшүп кеткен 1986-жылды туулган С.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 117