• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте депутаттын уулу кызга кол салган деп шектелүүдө

15 Теке 2021 16:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун баласы Нуригман бейбаштыкка шектелүүдө. Социалдык тармактарга белгисиз жигиттин кыз киши менен урушуп жаткан видеосу тарады. Видеодо жигит кыздын колунан жана чачынан тартып жатканын, ал эми кыз бардын артына качып жатканын көрүүгө болот.

Видеонун автору кол салган жигит – Жогорку Кеңештин депутатынын уулу Нуригман Зулпукаров экенин айтууда. Анын атасы учурда Кумтөрдөгү коррупцияга шектелип, УКМКнын абагында кармалууда.

Биринчи май РИИБден кабарлашкадай, 6-июлда И.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү саат 18:20лар чамасында Киев көчөсүндөгү кафелердин биринде Н. аттуу жигит оозго алгыс сөздөр менен кызды тилдеп, денесине залал келтиргени жазылган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренесинин («Майда бейбаштык») негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

“Арыз жазган кыздын айтымында, ал 6-июль күнү саат 18:20лар чамасында өзүнүн жумушу – кафеде болгон. Кафеге Н. аттуу таанышы келип, агрессия көрсөтө баштаган. Жигит кыз менен мамилени жөнгө салгысы келип, сөгүнүү менен кыздын билегинен тартып, сыртка чыгарууга аракет кылган. Андан кийин кыз “102” кызматына чалган”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 119-беренеси (Майда бейбаштык) менен катталган жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүнү суракка алышкан. Ал 2000-жылы туулган З.Н. экени белгилүү болгон. Шектүү жабырлануучу менен мектептен бери тааныш экенин билдирген.

Тергөө уланууда.

Количество просмотров: 1649