Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаарынын аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, Октябрь райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жөө кол чачкычтар менен Орто-Сай базарынын айланасын жана соода сатык түйүндөрүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;
Биринчи май райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аныкталган жарандардын короо жайларында, балдар аянтчаларында атайын кол чачкычтар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;
Свердлов райондук ӨК бөлүмүнүн кол шаймандарын колдонуу менен Чыгыш-5 кичи районунун ички короо көчөлөрүн, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун, балдар ойноочуу аянтчанын айланасын жана курчоочу курулмаларды дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү;
Ленин райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, өрт-өчүрүүчү АЦ-4-40 автоунаасы менен Ош базарында, Уста базарында, Ала-Арча соода комплексинде жана мектептерде дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
Башкармалык тарабынан дезинфекциялоо иш-чаралары уланууда.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.