• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте «Дин жана билим: Азыркы шарттарда кызматташтык өзгөчөлүктөрү» аттуу тегерек стол өттү

26 Жалган куран 2021 11:40 Бишкек Govori.TV

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети Конрад Аденауэр атындагы Борбор Азиядагы Фонду менен биргеликте 2021-жылдын 26-мартында «Дин жана билим: Азыркы шарттарда кызматташтык өзгөчөлүктөрү» деген темада тегерек стол өттү.

Ага Кыргызстандын диний уюмдарынын жетекчилери, изилдөөчүлөр, билим берүү, дин жана саясат жаатындагы эл аралык жана улуттук деңгээлдеги эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, КУУнун кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу факультетинин окутуучулары Ж.Баласагын жана башка Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун алкагында билим берүү жана дин өкүлдөрүнүн кызматташтыгы, улуттук мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана этно-конфессиялык чөйрөдөгү чыр-чатактарды алдын алуу, жаштардын аң-сезимин башкаруунун заманбап ыкмаларына каршы туруу, жалпы аракеттерди бириктирүү маселелери, маданияттар аралык диалог үчүн жана жаштарда ар башка элдердин каада-салттарын урматтоого тарбиялоо каралды.

Ошондой эле, алар тыюу салынган уюмдардын студенттеринин арасында үгүттөө менен күрөшүүнүн куралы катары ММКнын, Интернеттин жана социалдык тармактардын ролу; экстремизм жана терроризмдин алдын алууда диний лидерлердин ролу, жаш муундар арасында билим берүү жана руханий-агартуу иштеринин мааниси ж.б.у.с. маанилүү аспектилр тууралуу сөз болду.

Количество просмотров: 81