• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте дубалы ураган үй боюнча эки прораб камалды

12 Чын куран 202213:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында дубалы ураган көп кабаттуу имаратты куруп жаткан компаниянын эки прорабы милициянын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ленин райондук милициясынан билдиришкендей, 26-мартта саат 03:09дар чамасында “102” кызматына Жаш Гвардия бульвары менен Фрунзе көчөсүнүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы эки кабаттуу үйдүн чатырына кулап түшкөнү боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жиберилген.

Аталган факты Кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2-бөлүгү менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

«Иликтөөнүн жүрүшүндө дубалы кулаган көп кабаттуу үйдүн прорабдары 1966-жылы туулган И.А. жана 1962-жылы туулган Ж.М. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 27-мартта түндө Бишкектеги Жаш Гвардия көчөсүндөгү «КG Восток Сервис» компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу тамдын чатырын тешип кеткен. Кырсыкта үч адам жаракат алган.

Количество просмотров: 2664