• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте эт комбинаттагы өрт өчө элек. Себеби, андагы түтүн коюу жана уулуу болгондуктан өчүрүү кыйынчылык жаратууда

9 Баш оона 201812:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.08.2018. Govori.TV

Бишкектеги Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде 5 кабаттуу эт комбинаттын 5 миң чарчы метрге жакын аянты күйүп кетти. Учурда өрт өчүрүү аракети улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Адилбек Чаргынов Govori.TV  сайтына билдирди.

«Бизге эртең менен саат 4:53тө чакыруу келип түшкөн. Алгач кырсык болгон жерге бир гана өрт өчүрүү унаасы келген. Бирок имараттын күйүп жаткан аймагы чоң экендиги билингенден кийин кошумча 4 топ чакыртылган. Учурда 5 миң чарчы метрге жакын аянт күйүп кетти. Өрттөн чыккан түтүн коюу жана уулуу болгондуктан иштөөгө тоскоолдук жаралууда»-дейт Чаргынов.  

Ошондой эле Адилбек Чаргынов  өрт эмнеден келип чыкканы такталып жатканын жана  дагы кошумча маалымат берилет дейт.

 

 

 

 

Количество просмотров: 15