• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекте ээнбаштык кылган айдоочу кармалды

15 Баш оона 2022 9:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында ээнбаштык кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, социалдык тармактарда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү авто унаанын арткы багажына белгисиз жаранды салып, буту көрүнүп, колу чыккан абалда унаа жүрүп бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.

Видео чыгаар замат кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, Ош базарынан жогорудагы авто унааны табышкан. Тактоо учурунда «Mercedes-Benz» үлгүсүндөгү унаанын 2001-жылы туулган К.А. аттуу айдоочусу өз сөзүндө унаанын багажындагы жаран тууган агасы экендиги жана мас абалында болгондугун айтып, унаага батпай, өзүнүн макулдугу менен унаанын багажына салып, Ала-Арча эс алуучу жайынан шаарга алып келип жаткандыгын билдирген.

Бул көрүнүш мыйзамга туура келбегендиктен кайгуул кызматкерлери тарабынан айдоочуга карата авто ээнбаштык жасагандыгы жана айдоо учурунда айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн, эки протокол толтурулуп, 8500 сом айып салуу менен унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Кайгуул кызматы айрым айдоочуларга мындай терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырат.

Количество просмотров: 213