Бишкек шаарында чоң ит окуучу бала менен аялга кол салды. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя 2-апрелде Абдрахманов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Баланын иттен бошонуусуна көчөдөн өтүп бараткандар жардам берген. Андан кийин жаныбар ошол жерде окуучуга жардам берип жүргөн аялга кол салган.
Видеодо көрүнүп тургандай, байланбаган ит окуучулардын тобуна кол салып, бирөөнүн бутунан коё бербей тиштеген.
Милиция окуя териштирилип жатканын билдирди.