• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, 612 миң 500 сом айып салынды

25 Тогуздун айы 2021 16:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында өткөн «Бахус» рейдинин жүрүшүндө эки күндө 35 мас айдоочу аныкталып, 612 миң 500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде 1 миң 520 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен;

  • мас абалында автоунаа башкарган 35 айдоочуга 612 миң 500 сом айып салынды;
  • айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 14;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 11;
  • башка жол эрежелерин бузуулар — 1 миң 460. Ар кандай эреже бузган 137 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Количество просмотров: 135