• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Бишкекте эки курулуш компания айыпка жыгылды

24 Бирдин айы 2024 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эки курулуш компанияга 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, муниципалдык инспекция Октябрь районунун Сухэ-Батор көчөсүн бойлой рейд жүргүзүп, курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн аймагын текшеришти.

Рейддин жүрүшүндө курулуш материалдарынын калдыктарын туура эмес жерге ыргыткандыгы үчүн «Бурана Гранд» жана «НБК» ЖЧКларына протоколдор түзүлүп, ар бир ишканага 23 миң сомдон айып салынды.

Бишкек шаарынын мэриясы көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталса, жеринде протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Количество просмотров: 453