• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ошто эки кафе санитардык абалынан улам жабылды

18 Тогуздун айы 202417:27 Бишкек Govori.TV

Ош шаарындагы “Аль-Мансур” кафесинин ээсине 33 миң сом айып пул салынып, убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан кабарчыбызга кабарлашты.

Маалыматка караганда, кафе бүгүн 18-октябрда жолдомонун негизинде текшерилип, андагы кемчиликтер жоюлганча 21-октябрдан тарта убактылуу жабылат.

Мындан сырткыры «Абу -Бакир» кафеси да жабылган. Ээсине азырынча 5 миң сом айып пул салынган.

Бүгүн жергиликтүү басылмалар аталган кафенин тамагынан курт табылганын жазышкан. Анда окуя 13-октябрда болгондугу айтылат. Басылмалар тараткан видеодон лагмандан жашыл курт бар экендигин көрүүгө болот.

Количество просмотров: 289