• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024
Иллюстративтик сүрөт

Бишкекте эки маршруттук унаа кагышып, алты киши жабыркады

23 Бештин айы 2019 11:48 Бишкек Govori.TV

Борбордо эки маршруттук унаа кагышып, алты киши жабыркады. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жол кырсыгы 22-декабрда, саат 09:40та 7-Апрель көчөсүндө болгон. Эки кичи автобус тең түндүк тарапка бараткан. Кырсыктын кесепетинен ооруканага алты киши кайрылган. Милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат.

Иллюстративтик сүрөт

Количество просмотров: 11175