Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия жана №56 мектеп жарым-жартылай карантинге жабылды.
Маалыматка ылайык, №56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан 20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлдү. Өз кезегинде башталгыч класстын окуучулары салттуу режимде окуусун улантышууда.
“№62 мектептин бардык окуучулары 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окушат”, — деп айтылат маалыматта.
Билим берүү башкармалыгы борбордогу жогоруда аталган эки мектеп жана 2 класс карантинге жөнөтүлгөнүн белгиледи.