Бишкек шаарына жакын жайгашкан Новопавловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо конушунда эки унаа бет маӊдай кагышкан. Окуя конуштун Гагарин көчөсүндө кечээ, 11-февралда кечки саат 22:00-23:00 чамасында болгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 11-февралда болжол менен саат 22:00 чамасында 1989-жылы туулган К.О. өзүнүн «Ниссан Примера» үлгүсүндөгү унаасы менен Гагарин көчөсү менен батыштан чыгышты көздөй бара жатып Урмат көчөсүнүн кесилишинен өткөндөн кийин карама каршы багытта келе жаткан «БМВ 523» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.
«БМВ» унаасынын айдоочусу — 2001 жылы туулган М.Т. болгон. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерден 4 киши каза болду. 2 жабырлануучу ооруканада», — деп билдиришти милициядан.
Кырсыктан каза болгондор:
Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.