Бишкек шаарындагы Түштүк магистралда «Тойота Ист» менен «Хонда Цивик» унаалары кагышып, 4 адам жабыркады.
Маалыматка ылайык, «Тойота Ист» унаасынын айдоочусу, аял киши жана анын кызы жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ошондой эле «Хонда Цивик» унаасында да жаракат алган адам бар.
Унаалар айып короого киргизилип, тиешелүү экспертиза дайындалды.