• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бишкекте эки унаа кагышып, биринин айдоочусу жабыркады

7 Бугу 201912:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

 Бишкек шаарында эки унаа кагышты. Окуя бүгүн, 7-майда саат 10:45 чамасында болгонун ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

М.А.нын башкаруусундагы «Тойота Прадо» унаасы Фрунзе көчөсүнөн батышты көздөй бара жатып Свердлов көчөсүнө жеткенде «Дэу Матиз» менен кагышкан. Аны С.А. аттуу айдоочу башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен «Дэу Матиз» унаасынын айдоочусу жабыркап, аны тез жардам кызматы алып кетти.

Количество просмотров: 17