• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бишкекте эки жаңы сейил бак ачылды

9 Бугу 2021 13:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь районунда эки жаңы сейил бак ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Саманчин көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин менен түштүккө карай жөө жүргүнчүлөр зонасында жумуштар аяктады.

Анын узундугу 850 метрди түзөт жана эки бөлүккө бөлүнгөн. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун боюнда чүкө сымал отургучтар орнотулган. Аянтты жарык кылуу үчүн жер астына 1 миң 261 метр электр зымдары тартылып, 26 чырак коюлду. Ошондой эле телефонду кубаттатуу үчүн USB порттору бар. Мындан сырткары балдар аянтчасы да каралган.

Экинчи гүлбакча 11-кичирайондо жайгашкан. «Бишкек жарык» ишканасынын адистери 17 бетон пайдубалын орнотуп, жер астына 700 метр электр зым тартышты. Коопсуздук үчүн видеокөзөмөл камералары коюлган. Бардык иштер шаардык бюджеттин эсебинен аткарылган.

Количество просмотров: 150