• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бирөө бычакталды

13 Жетинин айы 2019 14:09 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги базарлардын биринде эки жарандын ортосунда уруш чыгып, бирөө бычакталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрда эртең менен болгон. Анда Тажикстандык эки жаран карыз акча боюнча чырдашып кеткен. И.И. аттуу жаран 30 жаштагы Х.А.ны бычак менен көкүрөккө сайып жиберген. Натыйжада ал алган жаракатынан улам каза болгон.

Катталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, «адам өлтүрүү» боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди,деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 97