Бишкек шаарында 11-май күнү Гареев атындагы Ботаникалык бакчада экинчи жолу «Экобаттл» экологиялык акциясы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Иш-чара курчап турган чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл буруп, мектеп, студенттик, эксперттик жана коомдук чөйрөдөгү экологиялык көйгөйлөрдү активдүү талкуулоону уюштурууга багытталган.
ЭКО Кубок -2024түн негизги багыты:
— ыңгайлуу экологиялык чөйрө;
— шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн чечүү жолдорун аныктоо.
Экинчи «ЭКО Кубок-2024» сынагына 20 команда катышат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти, эл аралык инновациялык технологиялар университети жана шаардык мэриянын билим берүү департаменти уюштурууда.