• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте экополиция түзүлүшү мүмкүн

22 Кулжа 2023 11:00 Бишкек Govori.TV

Ыш менен күрөшүү боюнча жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында экополиция түзүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, жыйын министр Мелис Тургунбаевдин жетекчилиги астында күн мурун өткөн.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев ыш көйгөйү өлкө жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турганын билдирип, аткарылган иштин ыкчамдыгы жана сапаты маанилүү экендигин баса белгилеген.

Жыйындын жүрүшүндө ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан Бишкектин четиндеги конуштарын газдаштыруу, ЖЭБдин 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү жөнүндө пунктту киргизүү сунушталды.

Белгилей кетсек, ведомстволор аралык комиссияга ыш маселеси менен иш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

Количество просмотров: 64