Бишкек.25.05.2019.Govori.TV.
24-май күнү, болжол менен 17.30да Бишкекте эл ташыган маршрут кырсыктап, натыйжада бир жүргүнчү жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты ЖКККББдан кабарлашты.
Маалым болгондой, Көлбаев көчөсү менен чыгыштан батышты көздөй бара жаткан Mercedes Benz унаасы жеңил авто унаа менен сүзүшкөн.
Катталган кырсык боюнча териштирүү иштери жүрүп, эки унаа тең айып короого киргизилген.