Бишкектеги Түштүк магистраль көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуяга күбө болгондор видеосун интернет булактарына жүктөштү.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 11-февралда саат 15:30 чамасында катталган. Ал эми патрулдук милициянын маалымат кызматы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
«Батыш тарапты көздөй бара жаткан айдоочу рулду башкара албай калып, унаа жолдун четиндеги электр мамысын сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок, айдоочу жеңил жаракат алды», — деп билдиришти патрулдук милициянын маалымат кызматы.