• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте эпидабал курч бойдон калууда

12 Бугу 2021 11:21 Бишкек Govori.TV

Бишкекте коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 158 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 147 учур, клиникалык-эпидемиологиялык жол менен тастыкталган – 11 учур.

“Ленин районунда – 54, Свердлов районунда – 29, Биринчи май районунда– 28, Октябрь районунда – 23 учур катталды”, — деди ал.

«Мындан тышкары бир суткада мобилдик топтор тарабынан 142 адам текшерилген. Алардын 35сы стационарларга жаткырылып, 122 адам амбулатордук түрдө дарыланууну улантат», — деп билдирди Рыскулбекова.

Дарыгер шаардыктарга иммундук системаны чыңдоо жана сергек жашоо образын кармануу өтүнүчү менен кайрылды.

Количество просмотров: 95