• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда

17 Кулжа 2021 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда өткөн маалымат Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте коронавируска кабылгандарын саны өстү.

«Өлкөдө коронавирус инфекциясына кабылгандар арбыды. Акыркы суткада Бишкек шаарында 368 жаңы учур катталды. Анын ичинен 56 бейтап ооруканага жаткырылды. Үй шартында 312 жаран дарыланып жатат»,-деди Рыскулбекова.

Ошондой эле ал жарандарды санитардык нормаларды так сактап, жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык абалга байланыштуу 17-июндан тарта Бишкек шаарында бир катар чектөөлөр башталат. Мындай чечим 16-июнда эпидемиологиялык жана эпизоотиялык абалы боюнча комиссиянын отурумунда кабыл алынган.

Мэриянын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, көңүл ачуучу жана эс алуучу жайлар саат 23:00 — 07:00 аралыгында жабык болушу керек.

Ошондой эле шаардык транспорт башкармалыгына коомдук транспорттордо санитардык талаптардын сакталышын күчөтүү, текшерүүгө алуу тапшырылды.

Количество просмотров: 107