• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте эркек киши көпүрөдөн кулап кетти

15 Чын куран 20219:44 Бишкек Govori.TV

Бишкекте эркек киши көпүрөдөн кулап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-апрелге караган түнү Аалы Токомбаев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөдөн белгисиз жаран каналга түшүп кетти деген билдирүү түшкөн.

«Окуя болгон жерге келген куткаруучулар адамды чыгарып, тез жардам тобуна өткөрүп беришти. Куткаруу иштерине 5 адамдан турган куткаруучулар тобу тартылды»,-деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эркек башынан жаракат алган. Жабырлануучу азиат улутундагы 40-45 жаштардагы адам, өздүгү такталууда.

Количество просмотров: 241