Кечээ Бишкектеги Башкы прокуратуранын имаратынын жанында бир адам өзүнө өзү өрт койгон.
Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 31-мартында «102» кызматына Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратынын маңдайында жайгашкан унаа токтотуучу жайда славян улутундагы адам өзүн-өзү өрттөгөндүгү тууралуу чакыруу түшкөн.
Ушул эле күнү аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин МЭЖге катталган.
«Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жүрүшүндө өзүн-өзү өрттөгөн, 1960-жылы туулган Ф.И. аттуу жаран тарабынан жасалгандыгы аныкталган. Окуяга анын Чүй облусунун Москва районунун ички иштер бөлүмү тарабынан алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартылышы себеп болгон. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши тергелип бүтүп, айыптоонун корутундусун бекитүү жана маңызы боюнча кароо үчүн райондук сотуна өткөрүп берүү үчүн Москва районунун прокуратурасына жөнөтүлгөн», — деп жазылат маалыматта.
Учурда тергөө чейинки тергерүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгы менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.