“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын фонтандарын жууп, таштанды контейнерлердин дөңгөлөктөрүн алмаштыруу боюнча сезондук иштерди баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 450дөй контейнерди калыбына келтирүү пландалууда.
Ошондой эле Абдрахманов көчөсүнүн боюндагы “Күн балыктары” фонтанын да жууп тазалоо уланууда. Жакында шаардык кызматтын кызматкерлери башка комплекстерди тазалоого киришет, бардыгы болуп ишкананын балансында 16 фонтан бар.