• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Бишкекте француз тилин билүү деңгээлин аныктоочу борбор ачылды

27 Бугу 202518:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Француз Альянсынын алкагында Баялинов атындагы китепканада француз тилинин деңгелин аныктаганга Espace Campus France борбору ачылды.
Бул борбор Францияга тапшырган студенттерге маалыматтык колдоо көрсөтүүгө арналган.

Кыргызстандагы Campus France борбору негизги маалыматтык-консалтинг борборуна айланат
Францияда билим алууну каалаган кыргызстандык студенттер үчүн борбор болот.
Кабыл алуудан баштап бардык этаптарында колдоо көрсөтүү, мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берүү билим берүү жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик интеграциясына көмөк көрсөтүү платформасы.

Борбордун ишмердүүлүгү академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө жана Франциянын жогорку окуу жайларынына тапшырууга Кыргызстандагы бүтүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүүгө өбөлгө түзөт. Борбоор Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен ачылды.

Ачылышына Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен Мартен келди.

Campus France борборунун салтанаттуу ачылышынан кийин Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николас Фай жана билим берүү министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев Кыргыз Республикасынын билим берүү министирлигинин ортосундагы DELF экзаменин уюштуруу жана өткөрүү максатындагы келишимге кол коюшту. Бул келишим
№26 мектеп окуучуларына француз тилинде сертификаттарды берүү үчүн (DELF scolaire) мүмкүндүк берет.

Espace Campus France Францияда билим алууну каалаган бардык кыргызстандык жаштар үчүн маалымат жана колдоо үчүн бирдиктүү терезе болуп саналат.

«Франциялык министрдин акыркы сапары 2019-жылга туура келет. Мен Кыргызстанга келгениме абдан кубанычтамын. Бишкектеги Француз Альянсына баруу жана француз коомчулугу менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Бул иш-чара биздин француз тили жана университеттик кызматташуубуздагы маанилүү этап болуп саналат», — дейт Лоран Сен Мартен.

Анын айтымында, Француз Альянсы – Кыргызстандагы франкофония дүйнөсүнүн маанилүү жана тарыхый уюму.

«Биз ошондой эле Кыргызстандагы француз тилин терең үйрөткөн жалгыз №26 орто мектебинин окуучуларына француз тили боюнча расмий сертификат алуу үчүн экзамен тапшырууга мүмкүндүк берген DELF scolaire келишимине жаңыруусуна кол койдук. Акырында мен сиздерге кайрылгым келет, Кыргызстандагы француз коомчулугу кичинекей, бирок жаш, жигердүү жана ынтымактуу. Анын курамында мугалимдер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жеке ишкерлер жана студенттер бар. Мен элчилик көрсөткөн баалуу колдоосу үчүн француз өкмөтүнүн жетекчилерине жана эки өлкөнүн ортосунда жаңы байланыштарды куруп жаткан ишкерлерге ыраазычылык билдирем», — дейт министр.

Мурун Кыргызстанда ар бир облуста француз тили мекктептерге киргизилген, мугалимдер да бар болчу. Француз Альянсынын өкүлдөрунүн айтымында, азыр Кыргызстанда бир эле мектепте француз тили окутулат. Ал Бишкектин №26 мектеби. Бул келишим балдардын француз тилине үйрөнүсүнө жакшы шарт түзөт

Бул долбоорду Франц Альянс уюму уюштурат, анда мектеп окуучулары сертификат алышат жана Франция университеттеринде ошол сертитификат кабыл алынат.

Буга чейин француз тилин жайылтууга Франция тарап кызыктар болгон эмес. Азыр ошол иш башталып жатканы көрүүгө болот.

Количество просмотров: 168