• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү октябрга чейин толук жабылат

13 Кулжа 202515:02 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 14-июндан тарта Фрунзе көчөсүнүн Суюмбаев көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук түтүкчөлөрүн реконструкциялоо иштери башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Реконструкцияланып жаткан түтүк түйүнүнүн узундугу 1 100 метрди түзөт, ал эми түтүктүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин кеңейтилет.

Бул түтүк 1971-жылы пайдаланууга берилген жана эксплуатация мөөнөтү 54 жыл өткөндүктөн аяктаган. Азыркы учурда ал авариялык абалда жана шашылыш алмаштырууну талап кылат.

Иштерди “Бишкектеплосеть” муниципалдык ишканасы жүргүзөт. Белгиленген тилке боюнча Фрунзе көчөсү толугу менен жабылат. Реконструкция иштери 3-октябрга чейин бүткөрүлүшү пландалууда.

Количество просмотров: 166