Бишкекте гүл дүкөндөрдүн биринен 101 розаны көтөрүп качкан жигит кечирим сурап келди. Ал эми гүл салондун ээси букетти көтөрө качкан жигитти кечирип акчасын алган эмес. Бул тууралуу гүл дүкөндүн сатуучулары билдирген.
Ал эми жигит флористтен кечирим сурап коюсун өтүнүп, ага шоколад белек кылган.
Эске салсак, буга чейин аталган дүкөндүн ээлери гүл уурдап качкан жигиттин видеосун жарыялашкан.
«Эгерде сиз бизге 3 күндүн ичинде келип, гүлдесте баасын төлөбөсөңүз, анда биз укук коргоо органдарына кайрылабыз», – деп эскерткен.