• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Бишкекте гарнизондук-саптык кароо өттү (сүрөт)

1 Жетинин айы 2023 14:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-ноябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта ички иштер кызматкерлеринин гарнизондук-саптык кароосу өттү.

Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев, ички иштер министри, генерал-лейтенант Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМ бөлүмдөрүнүн, башкармалыктарынын жетекчилери, кызматкерлери, ички иштер органдарынын ардагерлери катышты.

Саптык кароодон Атайын багыттагы полк, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Кайгуул кызмат башкармалыгы, Бишкектин жана Чүй облусунун милиция бөлүмдөрү, Ички аскерлер бөлүмү, ИИМ академиясынын курсанттары өтүштү.

Гарнизондук-саптык кароо салтанаттуу марш менен аяктады.

Количество просмотров: 101