• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте Гоголь көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды

1 Чын куран 202615:25 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү (Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки тилке) эскирген түтүктөр алмаштырылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкедеги жылуулук түтүктөрү 1974-жылдан бери (50 жылдан ашык) колдонулуп келгендиктен, эскилиги жеткен.

Оңдоо иштерине байланыштуу бул тилкеде автоунаалардын кыймылы жарым-жартылай чектелет. Түтүктөр алмаштырылып бүткөндөн кийин жолго жаңы асфальт төшөлөт.

Количество просмотров: 144