• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бишкекте «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөсү кармалды

23 Бештин айы 202018:12 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 2017-жылдан бери издөөдө жүргөн «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-декабрь Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмдун 32 жаштагы Т.Ж. мүчөсүн кармашты.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, жайылтуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча кошумча тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 83