• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте III Элдик курултай өтөт

20 Бештин айы 20249:06 Бишкек Govori.TV

20-21-декабрда Бишкек шаарында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда III Элдик курултай өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы, министрлер кабинетинин төрагасы жана анын орун басарлары, министрликтердин, ведомстволордун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышат.

Иш-чараны чагылдыруу үчүн 100дөн ашык ЖМК өкүлдөрү аккредитациядан өткөн.

Количество просмотров: 202